Онега көлү

Википедия дан

Онега көлү, Онего – Россиянын европалык бөлүгүнүн түндүк-батышында. Карелиянын, Ленинград, Вологда облусунун аймагында. Аянты 9,7 миң км2 (аралдарсыз). Тереңдиги 127 мге чейин. Жогорку Свирь ГЭСи курулгандан баштап суу сактагычка айланган (аянты 9950 км2). Көлгө Вытегра, Суна ж. б. дарыялар куюп, андан Свирь дарыясы агып чыгат. Кеме каттайт. Ак деңиз – Балтика каналы аркылуу Ак деңиз жана Балтиканын алаптары, Волка – Балтика суу жолу аркылуу Волганын алабы менен байланышат. Балык кармалат. Көл жээгинде Петрозаводск, Кондопага шаары, Кижи музей коругу жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]