Онихофоралар
Көрүнүш
Бул макалага Алгачкы кекиректүүлөр макаласынын мазмунун көчүрүп, ал жактан багыттама коюу керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. |
Онихофоралар (Onychophora), алгачкы трахеялуулар – омурткасыз жандыктар тиби. Денеси сегменттелген (13төн 43кө чейин). Формасы эжеке бээ саа сымал, Узундугу 15 смге жетет, денеси жука кутикула менен капталган. Ар сегментинде хитин тырмакчалуу экиден жөнөкөй буттары болот. Башында оозу, 2 узун антеннасы, 2 көзү, хитин жаагы жана 2 ооз соргучу бар. Дем алуу органы начар өнүккөн кекиртектен турат. Кан айлануусу ачык. Тамак сиңирүү системасы түтүк сымал. Айрым жыныстуу, дээрлик бардыгы тирүү тууйт. 1 классы, 70 түрү бар. Түштүк жарым шардын тропик жана мелүүн алкактарындагы токойлордо чиринди арасында жашайт. Жырткычтары тамагын ооз соргучтарынан чыгарган илешкек суюктук менен кармайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7