Он алтылык эсептөө тутуму

Википедия дан

Он алтылык септөө тутуму — сандарды көрсөтүү үчүн 16 сан колдонулат.

Буларга 0 дөн 9 га чейинки сандар жана A дан F ке чейинки тамгалар кирет, алардын эквиваленттери: A=10, B=11, C=12, D=13, E=14, F=15. Он алтылык эсептөө тутумун компьютерде колдонуунун негизги себеби, анын сандарынын экилик тутумдун сандары менен жеңил туюнтулушунда. Атап айтсак, он алтылык тутумдагы сандардын тиешелүү эквиваленттери менен алмаштырылып, экилик тутумга жеңил которулат. Мисалы, 5F он алтылык системдеги сан 0101 1111 экилик санына которулат. Ошондой эле экиликтен он алтылык системге которуу дагы жеңил аткарылат, ал үчүн, экилик санды оңдон солду көздөй төрттөн топко ажыратып, ар бир топту он алтылык эквиваленти менен алмаштырып коюу жетиштүү. Мисалы, 100 1101 төрттөн эки топко ажыратабыз, сол тобуна төртүнчү саны кылып 0дү кошуп коөбуз. Биринчиси 0100 = 4, экинчиси 1101=D, демек 0100 1101=4D

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]