Ооз көңдөйү
Ооз көңдөйү – тамак сиңирүү системасынын башталыш бөлүгү. Жаныбарларда көп катмарлуу, айрымдарында мүйүз сымал катуу эпителийден турат. Омурткалуулардын жана кишинин ооз көңдөйү алдынкы жана арткы бөлүктөн турат. Ооздун арткы бөлүгү алдынан жана эки жагынан тиш менен чектелип, арты көмөкөй тешиги аркылуу кулкунга өтөт. Ооз көңдөйүнүн үстүн катуу жана жумшак таңдай, жаак, мууздоо жана тил булчуңу түзөт. Жумшак таңдай тил жана таңдай-кулкун булчуңдарынан турат. Ал булчуңдар ооз көңдөйүнүн артындагы таңдай көшөгөсүн түзөт. Жумшак таңдайдын ортосунда кичине тил жайгашкан. Ооздун ичи былжырлуу чел менен капталган. Анда оозду жана тамакты нымдоо үчүн зарыл шилекей бөлүп чыгаруучу майда бездер, ошондой эле даам сезгич рецепторлор жайгашкан. Ооздо туруктуу микрофлора бар. Ал жугуштуу микробдорду өткөрбөөчү биол. тосмо болуп эсептелет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7