Ооз көңдөйүн дарылоо

Википедия дан

Ооз көңдөйүн дарылоо — ооз көңдөйүнүн ооруларын алдын алуу жана дарылоо үчүн көрүлүүчү чаралар. Ал үчүн тиштин чиришин күчөтпөө жана ал кабылдап пульпит, периодонтит өөрчүбөсү үчүн тиштин чиришин учурунда дарылоо жана пломбалоо, бузулган тиштерди алып таштоо, тиштин тегерегиндеги ткандардын оорусун (пародонтоз) дарылоо, тиш таштарын жоготуу, ошондой эле тиш-жаак системасынын аномалиясын өз убагында оңдоо жүргүзүлөт.

Ооз көңдөйү дарылоо мектепке чейин жана мектептеги балдарга жылына 2 жолу, боюнда бар аялдарга, кургак учук, ревматизм менен жабыркагандарга милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Чириген тиштер өнөкөт инфекциянын булагы болуп, бүткүл организмге зыян келтирет. Ошондуктан ооз көңдөйү көпчүлүк катуу кармаган жана өнөкөт ооруларды алдын алууда маанилүү чаралардын бири болуп эсептелет.

Ооздун ичинде инфекциянын топтолушуна жол бербөө үчүн тишти жана ооз көңдөйүн таза кармоо маанилүү. Ал үчүн тишти жуугуч паста же күкүм менен щёткалап тазалоо, оозду чайкоо, тиштердин арасын жыгач же сөөк тиш чукуур менен тазалоо керек. Тиш, бүйлө, тил оорулардын белгиси болсо стоматологго кайрылуу зарыл.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8