Оолиттер
Оолиттер – темир менен марганец кычкылы, кальций, доломит, арагонит, родохрозит, лептохлорит ж. б. минералдардан турган шар же эллипсоид түрүндөгү түзүлүштөр. Оолиттердин борборунда майда бүртүк же үлүл сыныкчасы болуп, чөгүндү материал анын тегерегинде улам жука кабатчаны пайда кылат. Оолиттердин көлөмү бир нече мкмдан 15–25 ммге жетет. Оолиттер деңиз суусунда жана жылуу булактарда коллоид-химия, биохимиялык процесстердин натыйжасында пайда болот. Темирлүү оолиттер – темир кенташтары.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7