Оордукту арылтмай

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 3—5 киши,

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнда устун, дөңгөч, аркан колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар аркандын бир учун дөңгөчкө байлашып, экинчи учун кармашып, оюндун шарты, кезеги жана оюн өткөрүлүүчү аралык жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери менен, бирден дөңгөчтү белгиленген аралыктан сүйрөп өтүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулардын каалоосу боюнча 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Белгиленген аралыктан оордукту бат сүйрөп өткөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оордукту тиш менен сүйрөмөй, оордукту моюн менен сүйрөмөй, оордукту бел менен сүйрөмөй, араба сүйрөмөй, машина сүйрөмөй.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буйруктан мурда аракетти баштоого, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот. Эгерде аспаптардын саны көп болсо, оюнду бир убакытта өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, чыдамкайлыкка тарбияланат, коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]