Оору (сыркоо)

Википедия дан

Оору(сыркоо) — организмдин тиричилик аракеттеринин функциялык же морфологиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу бузулушу. Анын натыйжасында кишилер күнүмдүк же биротоло эмгекке жарабай калышы мүмкүн.

Оруунун пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оруу организмге зыян келтирүүчү факторлордун күчү коргонуу реакциясынан ашып кеткенде пайда болот. Оруу кээде ооруткуч агенттин бир гана жолу (мисалы, уулануу, кырсыкка чалдыгуу) же анын узак убакыт таасир этишинен (мисалы, тамактануу режими бузулганда ичеги карын оорусу, ашыкча тамактанууда зат алмашуу процесси бузулуп семирүүгө алып келет) болот.

Кээ бир учурда Ошондой өсүү кемтигинин же тукум куума майыптыктын кесепетинен да болот. Сыркоону козгогуч агент организмге бузуучу таасир этүү менен бирге анын коргонуу жана көнүгүү реакциясын күчөтөт. Мисалы, сезгенүүдө ткандын бузулушу менен сезгенген жерде бактерия токсиндери топтолуп, ал жерге кандын көп келиши жана клеткалардын функциясынын күчөшү сезгенген тканды ажыроо продуктусунан тазалайт, бузулган ткандын тез калыбына келишине шарт түзөт. Кээ бир учурда көнүгүү реакциясы өтө күчтүү болуп, белгилүү шарттарда 0руунун өтүшүн күчөтөт. Мисалы, зыяндуу жана уу заттарды ичеги-карындан чыгарууда кусуу, ич өткөрүү маанилүү роль ойногону менен организм көп суу жоготот, ошондой эле катуу оорудан шок болушу мүмкүн. Ошондой бүтүндөй организмдин тиричилик аракетинин бузулушу болуп эсептелет. Ошондой ар түрдүү жана көп себептерден болот. Мисалы, өнөкөт гастрит тамактануу режими узакка бузулганда, ичкилик ичкенде, тамеки чеккенде; жугуштуу жана мите ооруларын козгогуч организмге таасир эткенде гана болот.

Кошумча оорунун пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бирок көпчүлүк оору козгоочу микроорганизмдер эмгек жана тиричилик шарт начарлаганда, кошумча оору жана башкалар себептерден организмдин коргонуу реакциясы бузулганда гана оору пайда кылышат.

Оору катуу кармаган, анча катуу эмес, өнөкөт болуп айырмаланат. Катуу кармоочу Ошондой жашыруун (инкубациялык), Ооруну билдиргич, Оорунун күчөп турган жана айыгуу мезгилдерине бөлүнөт. Бирок көп Оорулар өөрчүү жана өтүү закон ченемдүүлүгү менен бири-биринен айырмаланат, ошондуктан мындай мезгилге шарттуу түрдө гана бөлүнөт. 0орунун жашыруун мезгили оору козгоочу агент организмге таасир эткенден оорунун белгиси байкалганга чейин болуп, көз ирмемден (кырсыкка чалдыгуу) бир нече жылга чейин созулат (лепрада). Билдиргич мезгил оорунун алгачкы белгисинен баштап, анын бардык белгилери толук байкалганга чейин болот. Сыркоонун күчөп турган мезгилинде ошол ооруга тиешелүү белгилер ачык айкын байкалат. Кээде бул белгилер анча илинбей же такыр байкалбай калышы да мүмкүн. Кээ бир кошумча оорунун натыйжасында кабылдап кетиши ыктымал.Оору капысынан же акырындык менен аяктайт. Кээ бир орган же системада болгон туруктуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Ошондой өнөкөт формасына өтүп кетиши мүмкүн. Толук айыкканда организмдин функциясы калыбына келип, оору сезими жоголот.

Сыркоонун толук сакайышы көпчүлүк учурда өз убагында дарылоого жана врачтын көрсөтмөсүн так аткарууга байланыштуу. Ошондуктан кичине эле Ошондой белгиси байкалганда врачка кайрылуу керек. Өзүн өзү дарылоо же оорунун негизги белгилери жоголгондо эле дарылоону токтотуу өтө коркунучтуу. Оорулуунун мындай туура эмес мамилеси көпчүлүк учурда оорунун кабылдоосуна жана өнөкөт формасына өтүшүнө, инвалиддикке алып келет, ал тургай өлүмгө учуратышы да мүмкүн.


Сыркоо ар тараптан изилденип, диагнозу коюлат жана дарылоо, алдын алуу методдору иштелип чыгат. Ооруну дарылоодо оорулуунун жеке өзгөчөлүгү, организмдин абалы, мурдагы жана коштоочу оорусу, үй турмушу, иштеген жеринин шарты эске алынат. Бир эле Ошондой менен сыркоологон адамдарга ар түрдүү дары-дармек берилет, себеби бир кишиге жардам берген дары экинчи кишиге зыян келтириши ыктымал. Ошондуктан мурда башка кишиге жардам берген дары менен өз алдынча дарыланууга болбойт. Врач Ооруну дарылоодо себебине жараша дары-дармек сунуш кылат, мисалы, жугуштуу ооруларда микробду өлтүрүүчү заттарды берет, же Ошондой процессинин механизмине жараша, мисалы, гормон жана витамин жетишпегенде анын препараттары, ошондой эле өтө оор клиникалык белгилерге каршы каражаттар, мисалы, ооруну басаңдатуучу, жөтөлгө каршы дары-дармек берилет. Организмдин туруктуулугун жана организмдин коргонуу күчүн жогорулатуучу атайын дарылоо сунуш кылынат (витамин берүү, жакшы тамактануу). Врач оорунун стадиясына жараша дарылоо схемасын өзгөртүп, жаңы дары-дармекти, физиотерапиялык процедураны, айыктыруучу физкультура, массаж жана башкалар белгилейт. Көп ооруну дарылоо үчүн тынчтык талап кылынат. Ошондой күчөп турганда төшөккө жатуу керек. Дарылоонун натыйжалуу болушу айрыкча үй шартында| дарылоодо оорулууну туура багууга, врачтын көрсөтмөсүн өз убагында туура аткарууга жараша болот. Оорулууга тынчтык түзүү, бардык гигиеналык процедураларды жүргүзүү зарыл. Үй-бүлөнүн оорулуу адамга кылган мамилеси чоң мааниге ээ. 0оруну алдын алуу чаралары ар түрдүү. Диспансерлөөдөгү дарылоо жана алдын алуу чараларынын бирдиктүү принциби медициналык кызматкерлердин кыраакылык менен элдин ден соолугун текшерүүгө, ооруну өз учурунда алдын алууга, дени соо адамдарды ар кандай ооруудан сактоого, өнөкөт ооруну кабылдатпоого шарт түзөт.

Ар бир адам өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана башкалар коом мүчөлөрүнүн ден соолугун сактоого милдеттүү. Өздүк гигиенаны сактоо, организмди чыңдоо, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, эмгек жана эс алуу режимин сактоо, туура тамактануу, организмге зыян келтирүүчү адаттарды (ичкилик ичүү, тамеки чегүү, туш келди жыныстык катнашуу) четтетүү, Ошондой башталганда тезинен врачка кайрылуу, анын көрсөтмөсүн так аткаруу ден соолукту чыңдоону жана активдүү чыгармачылыкта узак жашоону камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8