Опека

Википедия дан

Опека — граждандардын мүлктүк жана жеке кызыкчылыктарын коргоонун укуктук формаларынын бир түрү.

Ал мамл. органдар тарабынан ишке ашырылат. Опеканын максаты:

  • 1) 15ке чейинки өспүрүмдөрдү тарбиялоо, алардын мүлктүк жана же­ке укуктарын коргоо. Опека ата-энеси өлүп, же ооруп калгандарга же ата-энелик укуктан ажыратылгандарга. о. эле башка себептер менен ата-эненин кароосунан ажырап калгандарга дайындалат. Балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдарга Опека дайындалбайт.
  • 2) Жашы жеткен, бирок сот аркылуу аракет кылууга мүмкүнчүлүгү жок же жин оорулуу деп табылган граждандардын мүлктүк жана жеке мүдөөлөрүн коргоо.

Аракет кы­лууга мүмкүнчүлүгү жокторду багуу жана дарылоо жагын Опекакылышы зарыл. Опека райондук, шаардык. посёлкалык, айылдык Эл депутаттар советтеринин аткомдорунун атайын чечими менен кароого алынуучу адам же опекун жашап турган жерде дайындалат. Жашы жете электер учун опекундук милдетти элге билим берүү бөлүмдөрү, аракет кылууга мумкүнчүлүгү жоктор үчүн саламаттык сактоо бөлүмдөрү аткарат. Опекундук милдетти түздөн түз көрсөтүлгөн органдар дайындаган адам аткарат. Опекундар — өз карамагындагылардын закондуу окүлдөрү; алар опекундук милдеттен закондо көрсөтүлгөн учурларда гана бошотулат. Өз милдеттеринен кара санатайлык менен дайындалган опекундар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.