Опекушин, Александр Михайлович
Jump to navigation
Jump to search
Опекушин, Александр Михайлович [16 (28). 11. 1838, азыркы Ярославль облусу Свечкин кыштагы – 4. 3. 1923, Ярославль облусу, Рыбница кыштагы] – орус скульптору. Петербург сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1895). Петербургда Д. И. Иенсендин скульптуралык өнөрканасында жана сүрөтчүлөрдү сыйлоо коомунун сүрөт мектебинде окуган. М. О. Микешиндин долбоору боюнча Новгороддо “Россиянын миң жылдыгы” (1862) жана Петроградда Екатерина IIнин (1873) эстеликтерин тургузууга катышкан. Көрүнүктүү эмгектери: А. С. Пушкиндин (Москва, 1880; Петербург, 1884), К. М. Бэрунун (Тарту, 1886), М. Ю. Лермонтовдун (Пятигорск, 1889) эстеликтери.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7