Оператор

Википедия дан

Оператор

  1. математикада эки көптүктүн элементтеринин ортосундагы туура келүүчүлүктү туюнтуучу математикалык түшүнүк. Чагылдыруу, өзгөртүү, функция түшүнүктөрү менен оператор эквиваленттүү мааниге ээ. Х көптүгүнүн ар кандай х элементине Ү көптүгүнүн кандайдыр у элементинин туура келүүчүлүгү оператордук түрдө у=А(х) деп жазылат. А – оператор, у элементи х элементинин түспөлү (образы), х элементи у элементинин түспөлдөшү деп аталат. Х көптүгү А операторунун аныкталуу облусу, Ү көптүгү А операторунун маанилеринин облусу деп аталат. Физикалык жана математикалык анализдин көптөгөн маселелеринде дифференциялык операторлор менен интегралдык операторлор маанилүү роль аткарат (к. Операторлор теориясы);
  2. информатикада – компьютерде маалыматты (информацияны) иштеп чыгуу процессинде кээ бир аяктаган аракеттердин маселелери үчүн багытталган белгилүү программалоо тилиндеги буйрук;
  3. техникада – татаал жабдуунун (түзүлүштүн; мисалы, ЭЭМ, радиолокациялык станция, бургулагыч орнотмонун (установка) иштешин пульттан башкаруучу адис;
  4. кинодо – кино тартуучу адис (кинооператор).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]