Опера-буффа

Википедия дан
Donizetti, L'elisir d'amore (2013).

Опера-буффа (итал. buffa – күлкүлүү опера) – комедиялык опера түрү. Опера-буффа 18-кылымдын 30-жылдарында калыптанган. Опера-буффага чакан масштаб, 2–3төн ашпаган каармандары, көңүлдүү, көбүнчө күлкүлүү сюжет, жөнөкөй, эсте каларлык обон-күү колдонуу мүнөздүү. Опера-буффадагы окуянын өнүгүшү речитативде ишке ашырылса, ал эми каармандардын ички сезимин, алардын мүнөзүн ачуу ария, ариозо, каватина ж. б. менен ишке ашырылган. Опера-буффа мыкты үлгүсү – Ж. Россининин «Севильялык чач-тарач» операсы ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]