Оптикалык активдүү заттар

Википедия дан

Оптикалык активдүү заттар – белгилүү оптикалык активдүүлүккө ээ болгон чөйрө. Оптикалык активдүү заттар эки түргө бөлүнүшөт. 1-түрүнө ар кандай агрегаттык абалдагы оптикалык активдүү (кант, камфора, шарап кычкылдыгы), ал эми 2-түрүнө кристалл абалындагы оптикалык активдүү (кварц, киновар ) нерселер кирет.

1-түрдөгү Оптикалык активдүү заттардын молекулалары симметриясыз түзүлүшкөн, ал эми 2-түрдөгүлөрү бирдей бөлүкчөлөрдөн турганына карабастан түзүлүштөрү симметриялуу эмес, о. эле симметиялуу эмес талаа күчтөрү менен байланышкан бөлүкчөлөрдөн турушат. Оптикалык активдүү кристаллдар негизи, оң жана сол болуп экиге бөлүнүшөт. Оптикалык активдүү заттар берилген тегиздикте эч кандай жылбай же тегеренбей, өз орундарында, күзгүнүн бетинде көрүнгөндөй симметриялуу жайгашат. Ошентип 2-түрдөгү Оптикалык активдүү заттардын оң жана сол түрлөрүнүн оптикалык активдүүлүктөрү окшош эмес белгилерге ээ болгондуктан (сырткы шарттары бирдей учурда оң жана сол түрлөрүнүн оптикалык активдүүлүктөрүнүн абсолюттук чоңдуктары бирдей), алар оптикалык окшош эместиктер деп аталышат (кээде 1-түрдөгүлөрү да ушинтип аталышат).Оң жана сол Оптикалык активдүү заттардын 1-түрү оптикалык изомерлер деп аталышат, алар ( өздөрү жаңы пайда болгон кристаллдар эмес) бири-бири менен күзгү симметриясын түзүшөт. Аларды бири биринен ажыратып алууга болот, бирок бир эле убакта молекулалар оптикалык окшош эместикке (Оптикалык активдүү заттар, 2-түрү) ээ болгондуктан, аларды бири биринен айырмалоого мүмкүн эмес. Таза оптикалык изомерлердин физикалык жана химиялык касиеттери кандайдыр бир симме-триясыз кошулма болбосо абдан окшош болушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]