Оптикалык байланыш

Википедия дан

Оптикалык байланыш – лазерди колдонуу аркылуу оптикалык диапазондогу (1013–1015Гц) электр-магниттик термелүүлөр аркылуу эки же бир нече пункттардын ортосундагы байланыш. Түзүлүшү (структурасы) боюнча оптикалык байланыш радио байланыш системасына окшош. Оптикалык байланыштын эң жөнөкөй түрү 18-кылымдын акырында колдонулган (мисалы, семафор азбукасы). Лазерден кийин маалыматты кабыл алуу, иштетүү жана берүү мүмкүндүгү пайда болду. Оптикалык байланыш системасында сигналды кабыл алуунун эки – түз бөлүп алуу жана жардамчы кабылдоо жолдору колдонулат. Оптикалык байланыш системасы ачык жана жабык байланыш системасына бөлүнөт. Атмосферанын Жерге жакын катмарында лазерди колдонуу, оптикалык байланыштын ачык системасынын иштөө ишенимдүүлүгү атмосфералык шартка көз каранды. Бул, оптикалык байланыштын ачык линияларын жакынкы аралыктарга колдонууну салыштырмалуу чектейт. Бирок оптикалык байланыштын ачык линиялары Жер менен космостук байланышта кеңири колдонулууда. Мисалы, лазер нуру –108 км аралыкка маалыматты 105 бит/сек ылдамдыкта берет, ал эми микротолкундуу техниканын маалыматты берүү ылдамдыгы 10 бит/сек. Космосто оптикалык байланыштын космостук линияларын түзүү техникалык жактан татаал. Жер шартында оптикалык байланыш системасы үчүн оптикалык жоготуусу аз жабык булалуу жарык өткөргүчтөр пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]