Оптикалык резонатор

Википедия дан

Оптикалык резонатор – заттардын бөлүкчөлөрүн оптикалык диапазондо, бирдей багытталган, фазалары боюнча макулдашылган электр-магниттик толкундарды чыгаруу максатында иштөөчү дүүлүктүргүч түзүлүш.

Ал бир нече күзгүдөн жана көлөмдүк резонатордон айырмаланган ачык резонатордон турат. λ<0,1 см үчүн жабык көлөмдүк резанатор колдонулбайт, анткени алардын өлчөмдөрү кичине жана энергиянын жоголушу көп. Өлчөмү l>λ болгон көлөмдүк резонаторлордо көп сандаган өздүк термелүүлөр пайда болгондуктан, колдонууга мүмкүн эмес. Алардын жыштыгы резонанстык жыштыкка жакын болгондуктан, түзүлүш резонанстык касиетин жоготуп коёт. Көлөмдүк резонатордун кээ бир толкундук түзүүчүлөрүн алып салганда өздүк термелүүлөрүнүн көбү өчөт да аз бөлүгү термелүүсүн улантат. Ошентип, спектри күчтүү, сейректетилген ачык Оптикалык резонаторду алууга болот. Жөнөкөй Оптикалык резонатордун милдетин өз ара параллель эки жалпак күзгүдөн турган Фабри−Перо интерферометри аткарат. Эгерде бири биринен l аралыкта турган бул күзгүлөрдүн бетине перпендикуляр багытта жалпак толкун түшсө, ал күзгүлөрдүн арасындагы мейкиндикте туруучу толкундарды пайда кылат. Резонанстык шарты: α=g1/2, мында g – бүтүн сан, термелүүнүн туурасынан кесилиш индекси деп аталат. Оптикалык резонатордун өздүк жыштыктарынын айырмасы с/2L Оптикалык резонатордун огунун туурасынан кесилишиндеги алкактык термелүү талаасынын чыңалыштары туурасынан кесилиш координаттарга көзкаранды жана туурасынан кесилишиндеги багыт боюнча электр жана магнит талааларынын осцилляция саны жана күзгүлөрдүн бетиндеги агымдардын бөлүштүрүлүшүн аныктоочу m жана n туурасынан кесилиш индекстери менен мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]