Оптикалык системалардын аберрациясы

Википедия дан

Оптикалык системалардын аберрациясы – оптикалык система түзгөн сүрөттөлүштүн, сүрөттөлүшү түзүлгөн нерсенин түспөлүнүн формасынын бурмаланышы, нерсенин сүрөттөлүшүнүн так берилишинин бузулушу.

Оптикалык системалардын аберрациясы оптикалык сүрөттөлүш-төрдүн даана эместигинде, алардын объектилерге туура келбегендигинде же ашкере боёлуп калуусунда байкалат. Көп тараган Оптикалык системалардын аберрациясы – сфералык аберрациядагы сүрөттөлүштүн кемчилиги, мында системанын оптикалык огуна объектинин бир чекитинен кичине жана чоң бурч менен түшкөн эки нур сүрөттөлүштүн бир чекитинде чогулбайт; кома жарык нурунун оптикалык система аркылуу кыйгач өткөндө пайда болгон аберрация. Эгерде сфералык жарык толкуну оптикалык система аркылуу өткөндө объектинин бир чекитинен чыккан жарык агымы сүрөттөлүштө бир чекитте кесилишпей бири биринен кандайдыр аралыкта жаткан жана өз ара перпендикуляр болгон кесиндилерде жаткандай деформацияланса, анда мындай агым астигматикалык деп, ал эми бул аберрация астигматизм деп аталат. Дисторция деп аталуучу аберрация объект менен анын сүрөттөлүшүнүн ортосундагы геометриялык окшоштуктун бузулушуна алып келет. Оптикалык системалардын аберрациясына сүрөттөлүш талаасынын майышуусу да кирет. Жогоруда көрсөтүлгөн Оптикалык системалардын аберрациясы геометриялык деп аталат. Оптикалык чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү жарыктын толкун узундугуна көзкаранды болушуна байланыштуу, хроматтык аберрация да болот. Жарыктын толкундук жаратылышы, оптикалык системада сүрөттөлүштүн өнүгүп жетишпегендиги диафрагмада, линзанын алкагында ж. б. жарык дифракциясынын натыйжасында аберрация пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]