Оптикалык спектрлер

Википедия дан

Оптикалык спектрлер – толкун узундугу 10³–10ˉ³ мкм диапазондогу электр-магниттик нурлануунун спектрлери. Оптикалык спектрлер нур чыгаруучу, жутуучу, чагылтуучу жана чачыратуучу болуп айырмаланат. Оптикалык спектрлер атом системаларында кванттык өтүш учурунда алынат. Ар түрдүү заттардын нурлануусунун спектрдик курамы өтө эле ар башка. Бирок ошого карабастан, бардык спектрлерди, тажрыйба көргөзгөндөй бири биринен өтө эле айырмаланган үч түргө бөлүүгө болот. Алар: сызыктуу (айрым спектр сызыктарынан турган), тилкелүү (кандайдыр бир толкун узундуктагы интервал менен аныкталуучу айрым спектр тилкелеринен турган) жана туташ болушу мүмкүн. Заттын атомдору сызыктуу оптикалык спектрлерди, молекулалар тилкелүү спектрлерди берет. Оптикалык спектрлер заттардын түзүлүшүн жана курамын изилдөөдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]