Оптималдуу система

Википедия дан

Оптималдуу система – башкарылуучу объектинин эң мыкты, оптималдуу иштешин камсыз кылуучу автоматтык башкаруу системасы. Башкаруу системасынын эң мыкты иштеши атайын тандалып алынган критерий менен мүнөздөлөт. Мындай критерий оптималдуулук критерийи деп аталып, объектинин ишинин техникалык, экономикалык көрсөткүчтөрү менен аныкталат. Мисалы, оптималдуулуктун критерийи катары п. а. к., ылдам аракеттүүлүк, иштин тактыгы, жумшалган каражаттын минимуму, системанын параметрлеринин берилген маанилеринен Орточо же максималдуу кыйшайышы, ошондой эле бир нече чоңдук менен байланыштуу жалпыланган критерий алынат. Оптималдуулуктун критерийи өтмө, туруктуу процесстерге же экөөнө тең тиешелүү болушу мүмкүн. Оптималдуулуктун критерийи башкарылуучу системалардын параметрлери менен координаталарына дайыма көз каранды болсо, статистикалык деп аталат. Оптималдуу системаны колдонуу кеме, самолёт, поезд ж. б. кыймылдагы объектилердин манёврлуулугун жогорулатат, үзгүлтүксүз өндүрүштү, мештерди, казан орнотмолорун, химиялык реакторлорду ж. б. башкарууну жакшыртат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]