Оран

Википедия дан
Оран

Оран – Алжирдин түндүк-батышындагы порт шаар. Оран вилайетинин административдик борбору. Калкы 685,0 миң (2011). Калкынын саны боюнча Алжирдеги 2-шаар. Ири жолдор тоому. Өлкөнүн соода жана өнөр жай борбору. Шарап, альфа чөбүн ж. б. айыл чарба сырьёлорун сыртка чыгаруучу порт. Тамак-аш, металл иштетүү, химия, текстиль, цемент өнөр жай ишканалары, түтүк прокат заводу иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Университет бар. Шаар 10-кылымда негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]