Органикалык жарым өткөргүчтөр

Википедия дан

Органикалык жарым өткөргүчтөр – электрондук же көзөнөктүү өткөрүмдүүлүккө жана электр өткөрүмдүүлүктүн температуралык оң коэффициентине ээ болгон органикалык катуу заттар О. ж. ө-төрдүн молекулаларында тутумдаш байланыш системасынын болушу менен мүнөздөлөт.

Органикалык жарым өткөргүчтөрдө тутумдаш байланыш системасынан бөлүнгөн p-электрондун дүүлүгүүсүнөн кыймылдуу заряд алып жүрүүчүлөр пайда болушат. Органикалык жарым өткөргүчтөрдө заряд ташуучулардын пайда болушу үчүн зарыл энергия молекулада тутумдаштыктын саны өскөн сайын азаят жана полимерлерде чоңдугу жылуулук кыймылынын энергиясындай. Органикалык жарым өткөргүчтөргө органикалык боёктор, жыпар жыттуу бирикмелер, тутумдаш байланыштуу полимерлер, кээ бир табигый пигменттер (хлорофилл, β-каротин ж. б.) о. эле ион радикалдуу туздар кирет. Органикалык жарым өткөргүчтөр монокристалл, поликристалл, аморфтук күкүм жана плёнка түрүндө болот. Салыштырмалуу каршылыгы бөлмө температурасында 1018 Ом⋅смден (нафталин, антрацен) 10-2 Ом⋅смге (ион-радикалдуу туздар) чейин өзгөрөт. Төмөнкү электр өткөрүмдүүлүктүү Органикалык жарым өткөргүчтөрдө өзүнүн структурасынын молекулалык мүнөзү жана молекулалардын өз ара начар аракеттешүүлөрү менен аныкталуучу өзгөчөлүктөргө ээ. Микроэлектроникада Органикалык жарым өткөргүчтөр жарык сезгич материал катарында колдонулат. Органикалык жарым өткөргүчтөрдү изилдөө физика-химиялык татаал системада, энергиянын айлануу жана ташылуу процесстерин түшүнүүдө өтө маанилүү. Келечекте критикалык температурасы өтө жогору өткөргүчтү жаратуу Органикалык жарым өткөргүчтөргө, тактап айтканда, ион- радикалдуу катмарга байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]