Ордер
Ордер (нем. Order, фр . ordre – тартип, ирээт) – 1) буйрук, көрсөтмө, тескеме камтылган (м.: үй тинтүү О. ж. б.) ырасмий документ; 2) анда көрсөтүлгөн жаранга (жактардын тобуна) туракжайды жалдоо келишимин түзүү жана ага кирүү укугу берилгенин компетенттүү органдын чечимин бышыктоосу жөнүндө жана күбөлөөчү документ. Жатаканадан чыгаруу О-инен башка О. аткаруу бийлик органы тарабынан берилет; 3) акча каражаттары жана материалдык баалуулуктар менен аткарымдарды жүргүзүүгө берилүүчү документ; 4) анын ээсине токойду пайдалануу (карагай даярдоо жана ташып кетүү иштеринин айрым түрлөрүнө, токой ресурс калдыктарын даярдоого) укугун берүүчү токой кыркуу билети; 5) КР мыйзамдарына ылайык берилген юридикалык иш менен алектенген адвокаттын ыйгарым укуктарын бышыктоочу документ.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7