Ординатор

Википедия дан

Ординатор (лат. ordinator — тартипке келтирүүчү) — мед. мекемелерде (поликлиника, оорукана ж. б.) дарылоо жанa алдын алуу ишин жүргүзүүчү врач.

  • Ооруканадагы Ординатор ооруларды күнүгө кыдырып, тийиштүү дарылоо, врачтык процедура жүргүзүп, оорунун тарыхын, жумушка жараксыздык жөнүндөгү баракчаны толтурат. Поликлиникадагы Ординатор участкалык ж. б. врачтын милдетин аткарат. Клиникалык Ординатор — окуу жанa илимий изилдөө институттардын клиникасында, ошондой эле врачтардын билимин өркүндөтүүчү институттарда атайын адистиги (терапия, хирургия ж. б.) боюнча даярдыктан өтүп жаткан врач.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.