Ордо II

Википедия дан

Ордо II - кыргыздын байыркы улуттук оюндарынын бири. Бул оюн жалгыз гана кыргыздарда, кыргыз коомунда ойнолот жана чыгыш теги жагынан байыркы аскер турмушун, жашоосун чагылдырат. Оюндун аты өзү туюнтуп тургандай, ал «борбор», «хан ордосу», экинчи бир маанисинде «шаар» дегенди аныктап турат. Оюндун мазмуну аскер жөнүнөн кабар берет.1. Тегерете чийин, - камал, чеп, коргон, шаар сыяктуу. 2. Дал ортосу - борбор жаки жыйырмак (Туу түбү). 3. Калың чүкөнү тигип, ортосуна чоң чүкөнү жаки ордодон оңой менен атып чыгара албай турган кылып, чүкөнүн сакасын коюп, аны «кан» деген. Бул аныгында «кан» жаки туу түбү. 4. Канды тегерете коюлган көп чүкө - кандын аскери. 5. Ордо атуучулар эки бет болуп, чүкө калчашып, кимисинин чүкөсү консо, ошол жак биринчи кезекте атат. Бул күчтүү жоо, мисалы: күчтүү жоо шаарга чабуул кылганы. 6. Ар бир ордо атуучу кишиге беш чүкө тийиш болуп, үч аткан оюнга ээ болот - мисалы, беш аскердин үчөө согушка киргени. 7. Чийинден өтпөстөн атат, коргон сепилден атышканы. 8. Эгерде аткан чүкөсү чийинден чыкпай калса, ал аткан оюну өлөт - согушка киргендин өлгөнү. 9. Эгерде аткан чүкөсү чийинден чыгып турса, оюну өлбөстөн ата берет. Мисалы, беттешкен жоосун сая берген сыяктуу. 10. Чийинге жакын келген чүкөнү казайт (казаман) жекеге чыккан же кароолго чыгып келген жоону өлтүргөнү. 11. Атылган чүкө чийинден чыгып, чийиндин ичине эки кадам томпою чүкөгө жакын жатып калса, бир бутун тамандап чүкөнү олтуруп чертет, мисалы, аты өлүп, жоо менен жөө согушуу, жаа менен эмес, колмо-кол согушуу. 12. Черткен кишинин сыртында - чүкө калган болсо оюуну өлөт, анда жоо сыртынан курчап кеткени. 13. Бир жаки үч чүкө черткен соң канды чертишке уруксат - кандын кароолун өлтүрүп канга кол салганы. 14. Четке чийинге жакын келген чүкөнү кайта тооруп атып алат. Муну «тоорумак» дейт - четке келген жоону кайта байлап кеткени, четтеп жалгыздап жүргөндү өлтүргөнү. 15. Беш чүкө, үч атканга жарайт - беш аскердин үчөө согушта, экөө кошто болгондугу. 16. Үч чүкө эки атканга жарайт - үч аскердин экөө согушта, бири кошто болгону. 17. Бир чүкө бир атканга жарайт - жоодон кырылып бир киши калса да согушуу. 18. Бир жактын теңинен көбүнө оюн жетпей калса, калганы чокондосо, жеңилгенге эсеп - көбү кырылып, аттан ажырап, жөө калган да жеңилгени. 19. Каны бар жакта бир чүкө, бир оюуну болсо да жеңилбестен атышат - кан өлмөйүн, жаки колго түшмөйүн жеңилбегенге эсеп. 20. Томпою чүкөгө тие жатып, томпойду алаарда чүкө кыймылдап калса - жоо ѳлбѳстѳн аман калып, атуучуну өлтүргөнү; 21. Кан ордодо турганда канга бет алдыра атат - качан болсо канга, тууга бет ала согушуу керек. 22. Чекеге келген чүкөнү кыйгай атып алат - бул да болсо чекеге жалгыздап келген жоону өлтүргөнү

мисалында.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]