Оркестр

Википедия дан
Оркестр.

Оркестр (гр. оrkestra – байыркы грек театрында сахнанын алдындагы аянтча) – чыгарманы түрдүү аспаптарда кошулуп аткаруучу музыканттар коллективи. Симфониялык, кыл аспаптар, үйлөмө аспаптар, эл аспаптар, эстрадалык, жаз ж. б. түрлөргө бөлүнөт. Кыргызстанда алгачкы оркестрлердин бири Кыргыз эл аспаптар оркестри 1936-ж. уюшулган. Кыргызстанда К. Орозов атындагы Эл аспаптар оркестри (Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы), Аскердик үйлөмө аспаптар оркестри (Улуттук гвардиянын жана Ички иштер министрлигинин алдында), камералык оркестрлерден – Президенттик «Манас» камералык оркестри, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы – «Камбаркан», «Насыйкат» оркестрлери; А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академик опера жана балет театрынын симфониялык оркестри, А. Жумахматов атындагы Кыргыз академиялык симфониялык оркестри, Чүй жаштар оркестри ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]