Орлеан

Википедия дан
Орлеан

ОрлеанФранциянын эң ири шаарларынын бири. Луара дарыясынын боюнда, Парижден 130 км түштүк-батышта жайгашкан. Луара департаментинин жана Орлеан тарыхый облусунун административдик борбору. Калкы 113,1 миң (2010). Жолдор тоому. Машина куруу (айыл чарба, электр-техникалык), тамак-аш– татымал (негизинен уксус), текстиль, фармацевтика өнөр жай ишканалары иштейт. Б. з. ч. Ценабум деген ат менен негизделген. Готика стилиндеги Сент-Круа собору (13-к.), чиркөө (1170), ренессанс, барокко жана классицизм стилиндеги архитектуралык эстеликтер, ратуша (1513–19; учурда музей) сакталган. Франциянын эл баатыры Жанна д’Аркка эстелик орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]