Орлов таскактуу жылкысы

Википедия дан

Орлов таскактуу жылкысы – таскак жүрүштүү жылкылар тобундагы жылкы породасы. Бул тукум жотолуу, бойлуу, кең көкүрөк, кең соору, салмактуу жылкы. Айгырынын бийиктиги 161 см, дене узундугу 156 см, көкүрөк курчамы 182 см, орточо тирүүлөй салмагы 480–540 кг. Россия падышасы Екатерина IIнин белгилүү аскер башчыларынын бири А. Г. Орловдун Воронеж губерниясындагы Хреновое деген ээлигинде араб, дания миңги жылкыларын Батыш Европадагы чегилме жылкылары (голланд, мехлянбург ж. б.) менен аргындаштырып 18-кылымдын аягына өзүнчө таскактуу тукум болуп чыгарылган. 19-кылымдын аягына чейин Орлов таскактуу жылкысына теңеле турган дүйнөдө таскактуу жылкы болгон эмес. Ошондуктан бул тукум Европа жана Америка өлкөлөрүнө сатылып турган. Орлов таскактуу жылкысы негизинен РФте асыралат. Орлов таскактуу жылкысынын кунандары 1600 м аралыкты 2 мин 15 сек, быштылары 2 мин 5 сек, бир асыйлары 2 мин 4 сек, эки асыйлары 2 минда таскактап өтөт. Порода негизинен боз, тору, кара, карагер, жээрде болот. Кыргызстанда Чүй облусунун Сокулук, Жайыл жана Москва райондорунда асыралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]