Ормонбекова Ардакбүбү

Википедия дан

Ормонбекова Ардакбүбү (15. 2. 1957-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ак-Чий–Кара-Суу айылы) – тилчи, эл агартуунун отличниги (1996), филология илимдеринин доктору (2012). 1978-ж. КМУну, 1994-ж. КР УИАнын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын бүтүргөн. 1979-ж. азыркы К. Баялинов атындагы Республикалык балдар китепканасында библиограф, 1982-ж. Казарман орто мектебинде мугалим, 1986-ж. Макмал орто мектебинде директордун орун басары, 1990–95-ж. директору, 1995–98-ж. КР УИАнын Тил жана адабият институтунда улук илимий кызматкер, 1998–99-ж. БГУда улук окутуучу, 1999–2001-ж. кафедра башчысы, 2001–05-ж. декан, 2005–08-ж. Ж. Баласагуни атындагы КУУнун «Карьера» борборунун тең директору, 2008-ж. КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары, 2009–11-жылдан БГУнун Информатикалык технологиялар эл аралык университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору. 70тен ашык илимий макаланын (анын ичинде 2 монография, 3 окуу китеп) автору. Эмгектери: Лингистикалык бирдиктердин лингвоноэпикалык табияты. Б., 2011.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]