Мазмунга өтүү

Ормонбеков Тынымбек

Википедия дан

Ормонбеков Тынымбек (4. 10. 1945, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ак-Чий – Кара-Суу айылы – 15. 6. 2011, Бишкек) – техника илимдеринин доктору (1990), профессор (1992), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (1993). КМУну, Н. И. Лобачевский атындагы Горький мамлекеттик университетин (1969), ММУнун аспирантурасын (1975) бүтүргөн. ФПИде ассистент, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы (1971–2011), КРдин Илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик к-ттин төрагасы (1996–97), КРдин Билим берүү, илим жана Маданият министринин орун басары (1997–2001), Кыргызпатентин директорунун орун басары (2001–02), КРдин Президенттик адмененын (аппаратынын) социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (2002– 05), КРдин Президентине караштуу Илим жана жаңылануу технологиялары боюнча координациялык кеңештин жооптуу секретары (2005–08), КР УИАнын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун директору (2008–09), 2009– 11-ж. Инновациялык (жаңылануу) технологиялар эл аралык университетинин президенти. Теор. жана колдонмо механика, базальт буласынын технологиясы боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 10 монография жана 1 окуу куралы жарык көргөн. Эмгектери: Взаимодействие конструкций со средой (в соавторстве). Ф., 1983; Технология базальтовых волокон и изделий на их основе. Б., 1996; Дисперсионная среда и модулированные одномерные волны. Б., 1999.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]