Орнитология

Википедия дан

Орнитология (гр. ornithos – куш жана ...логия) – зоологиянын куштарды изилдөөчү тармагы. Орнитология куштардын дене түзүлүшү, анатомиясы, физиологиясы, жашоосу жана көбөйүү өзгөчөлүктөрү, жыл мезгилдерине жараша жер оошу ж. б. боюнча маалымат берет. «Орнитология» терминин 16-кылымда итал. окумуштуу У. Альдрованди киргизген. Орнитологиянын маалыматтары бионика, паразитология жана эпидемиология, куш чарбачылыгы, мергенчилик ж. б. тармактарда колдонулат. Кыргызстанда орнитология боюнча изилдөө КР УИАнын Биология институтунун орнитология бөлүмүндө жана ЖОЖдун биология факультеттеринде жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]