Мазмунга өтүү

Орозобек Айтымбетов

Википедия дан
АЙТЫМБЕТОВ Орозобек (16. 8. 1947-жыл, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы, - 17. 1. 2014-жыл) - жазуучу,драматург,тарыхчы. 1964-жылы Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы он бир жылдык орто мектепти бүткөндөн кийин ошол калаадагы кеме чарбасында матрос, ушул шаар менен аскердик гарнизондун футболдук тандалма командасында келишим боюнча оюнчу - тренер, “Тамчы” совхозунун курулуш бригадасында жумушчу, “Союзпечаттын” Ысык-Көл райондук агентствосунда эксплуатациялык иштер боюнча инструктору болуп иштеген. 1966 - 1967-жылдары Токмок шаарындагы улуттук мектептер үчүн орус тил мугалимдерин даярдоочу бир жылдык окуу жайды ийгиликтүү аяктагандан кийин өз айлында, Ат-Башы жана Кочкор райондорунда тарых, дене-тарбия жана орус тилден мугалим болуп жүргөн. 1972-жылдын июль айынан тартып Ысык-Көл райондук гезитинде котормочу, 1974-жылдын июль айынан тартып республикалык “Кыргызстан маданияты” жумалыгында котормо бөлүмүнүн башчысы, ушул жылдын декабрынан тартып “Жаш ленинчи” журналында адегенде адабий кызматкер андан соң бөлүм башчы, кийин ага редактор болуп беш жылы эмгектенген. А 1980 - 1983-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий  кеңешчи, 1984 - 1985-жылдары Театралдык коомдогу актерлор Үйүнүн директору, 1987-жылы “Кыргызфильм” студиясында ага редактор, сценарист болуп иштеп турган. 

    1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин сырттан окуп бүтүргөн. 1980-жылы СССР жазуучулар союзуна, 1991-жылы Кыргызстан жазуучулар союзуна мүчө болгон.

   Адабий чыгармачылыгы 1967-жылдан башталган, Чүй райондук гезитинде “Махабат учкуну” лирикалык аңгемеси жарык көргөн. 1972-жылы О. Айтымбетовдун “Аңыз жыты” аттуу аңгемеси “Ысык-Көл чындыгы” гезитинин облустук конкурсунда биринчи сыйлыкты алган. 1975-жылы бүткүлсоюздук “Смена” журналына жарыяланган “Уста” (“Барпы”)  аттуу аңгемеси кийин англис, француз, немис, испан, чех, португал, араб жана башка тилдерге которулган. 1982-жылы Москвадагы “Молодая гвардия”  басмасынын “Сошлись дороги” ( “Айкаш” ) деген китеби орусча жарык көргөн. Ушул эле баяны 1983-жылы СССР адабиятында пайда болгон, жылдын эң мыкты повести катары белорустардын “Братерства” алманахында В.Распутиндин, В.Беловдун, Ф.Абромовдордун чыгырмалары менен бирге басылган. Кийин "Береги" повести СССР элдеринин тогуз тилине которулган. Ушул эле повесттин негизинде “Кыргызфильм” киностудиясы толук метраждуу көркөм тасма тарткан. “Барпы” аттуу аңгемеси боюнча кыргыз телевидениеси 1978-жылы кыска метраждуу көркөм тасма тартып көрсөткөн. 

 Анын калемине “Кара чемодан”, “Сүйүктүүм”, “Каталык”, “Пишпектеги жалын”, “Жаз”, “Кедейкан” аттуу көп актылуу пьесалар таандык. 1993 - 1995-жылдары М. Рыскулов атындагы Нарын драма театрында “ Тозокко кеткен жол ” деген спектакли коюлган. Ошол жылдарда элдик театрларда жети көп актылуу, ондон ашык бир актылуу пьесалары коюлган. Бир топ радиопьесасы жана аңгемелери кыргыз радиосу тарабынан угузулган жана “Ала-Тоо” журналына басылган. Атактуу “Торгойлуу Талаа” баяны 1978-жылы аны бүт кыргыз элине тааныта алган.

  Т. Касымбековдун “Жылкычынын уулу” аттуу аңгемесин орус тилине, Е. Колесниковдун беш повесттин кыргыз тилине которуп, өзүнчө китеп кылып чыгарган. И. Бунин, А. Куприн, Н. Телешов, С. Алексеев, М. Горький сыяктуу орустун белгилүү жазуучуларынын мыкты делген бирден аңгемелерин кыргызчалап, “Мектеп” басмасынан тандамал жыйнак кылып бастырган.

  1975-жылы Москва шаарында өткөн жаш жазуучулардын Бүткүлсоюздук  VI кеңешмесине, 1977-жылы СССР жаш журналисттеринин Бүткүлсоюздук I кеңешмесине катышкан. Ушул эле жылы Кыргызстан журналисттер союзунун башкармасы менен “Неделя” жумалыгы биргелешип жарыялаган бүткүлсоюздук конкурста “Чабан” ( “Асман шыпыргысы” ) деген аңгемеси жылдын мыкты чыгырмасы катары Ардак дипломго жана “Москванын символдуу Ачкычы” призине татыган. “Смена” журналына жарыяланган лирикалык аңгемелери үчүн ошол журналдын Ардак грамотасын алган. 1988-жылы “Литературный Киргизстан” журналынын лауреаты болгон.

1995-жылы өткөрүлгөн “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракеси таптакыр туура эмес экендигин, бул дастанга 2000-жылы 2200 жыл толо тургандыгын он чакты илимий макалалары аркылуу далилдеп, аларды мезгилдик басма сөздөрдө жарыяласа да, аларга Президент, Өкмөт тарабынан эч кандай көңүл бурулбай кала берген. Буга карабастан, 1997-жылы “Аалам” гезити аркылуу  “Улуу Кыргыз дөөлөтүнө 2200 жыл толгондугун” алгач ирет биринчи болуп көтөрүп чыккан.

  1980-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий кеңешчиси болуп дайындалган. 1983-жылдын башында  Ысык-Көлдөгү орусиялык браконьерлерди жана борбордук ошол кездеги шовинисттик, улуу державалык саясатын сындаган , өзү туулуп-өскөн Кыргызстандын жаратылышын жана фаунасын коргоого багытталган макаласы чыккан. Бирок ага карабай ал Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын секретариаты тарабынан “өтө одоно саясий ката үчүн” кызматтан бошотулган.

 Ошондон бери ал жалаң жеке чыгармачылык менен алектенген “эркин сүрөтчү”. Диссидент жазуучу катары анын китептери бүтүндөй он жыл - 1980-жылдан 1990-жылга чейин республикада жарык көргөн эмес. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болуп, жеке демөөрчүлөрдүн каржылык жардамы менен гана 1995-жылы эки томдук “Кара кыргыз” (Улуу Манастын тарыхы)  тарыхый илимий-популярдуу романын жарыкка чыгарып, алгылыктуу баага ээ болгон. Биринчи тому үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын лауреатынын “Алтын диплому”, экинчи тому үчүн Түгөлбай ата атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты болгон. Ал эми 2004-жылы Республикалык “Теңир Ордо” коомдук фондунун “Эл куту - Даанышман” наамы менен сыйланган. 2007-жылы өмүрүнүн отуз беш жыл үстүндө  иштеген беш томдук “Кара кыргыз” тарыхый романы  жарык көргөн. Ошол эле жылы ал “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” деген ардактуу наамга татыган. Ал эми 2008-жылы Ысык-Көл районунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган.

 Кыргыз тилинде “Бүтпөгөн ыр”, “Аңыз жыты”, “Кызыл өрүк”, “Бир мүшөк кар”, “Бала кыялы”, “Ата журттун үнү”, “Аруу жесир: Аңгеме” өңдүү ондон ашык китеби жарыяланган.

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүтпөгөн ыр: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1976. - 51 б.

Аңыз жыты: Повесттер жана аңгемелер. - Ф.: Кыргызстан, 1987. - 160 б.

Кызыл өрүк: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1980. - 160 б.

Ата журттун үнү: Аңгеме-эсселер. - Ф.: Кыргызстан, 1987.

Бир мүшөк кар: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1987.

Бир мүшөк кар: Аңгемелер. Бөбөктөр үчүн. - Ф.: Адабият, 1989. - 16 б.

Бала кыялы: Аңгемелер: Өспүрүмдөр үчүн. - Ф.: Адабият, 1990. - 112 б.

Аруу жесир: Аңгеме. – Балыкчы, 2000. – 132 б.


Сошлись дороги: Повести и рассказы. - М.: Мол. гвардия, 1982. - 208 с.


Жаканов Илья. Кертолгоо: Роман: Өспүрүмдөр үчүн. - Ф.: Адабият, 1989. - 224 б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]