Ортодонтия

Википедия дан

Ортодонтия (гр. оrthos – түз жана odús, odontos – тиш) – стоматологиянын тиш жана жаак сөөктөрүнүн туура эмес (аномалиялык) өсүүсүн дарылоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүүчү бөлүгү. Аномалиялык өсүүгө тукум куума факторлор, түйүлдүк өсүп жатканда болгон жагымсыз чөйрө, бала төрөлгөндөн кийин зат алмашуунун бузулушу, балдардын оорусу ж. б. себеп болот. Ошондой эле баланын жаман адаттары (бармагын соруу, упчуну көпкө эмүү ж. б.) түрткү берет. Тиш-жаактын деформациясында тамак сиңирүү, дем алуу органдары жана сүйлөө бузулат. Аны түзөтүүдө жана дарылоодо атайын ортодонтиялык аппараттар, кээде хирургиялык жол колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]