Ортофосфор кислотасы

Википедия дан

Ортофосфор кислотасы, Н3PO4 – өң-түссүз кристаллдар, эрүү температурасы – 42о. Сууда жакшы эрийт. О. к. уулуу эмес. Алынышы: фосфор ангидриди темп-рага жараша ар түрдүү сандагы сууну кошуп алып, мета-, пиро- жана О. к. пайда кылат: P2O5 + H2O = 2HPO3 (метафосфор к-та) P2O5 + 2H2O = H4P2O7 (пирофосфор к-та) P2O5 + 3H2O = 2H3PO4 (ортофосфор к-та). Техникада колдонуу максатында О к. төмөнкү реакция менен алынат:

Ca 3( PO4)2 + 3H2SO4 = 3CaSO4¯ + 2H3PO4 Метафосфор к-тасы – муздак сууга фосфор ангидридин эритүүдөн алынат, өтө уулуу зат.

P2O5 + H2O = 2 HPO3

Н3PO4 жер семирткичтер өндүрүүдө, тамак-аш, жеңил өнөр жайында, медицинада, ал эми туздары-фосфаттары фосфор жер семирткичи катары жана айнек, эмаль өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]