Орто-Кууганды суусу, Жумгал району
Көрүнүш
Орто-Кууганды суусу
| |
---|---|
Орто-Кууганды суусу – Жумгал районундагы суу. Жумгал тоосунун Муз-Төр ашуусунан башталат. Жогорку бөлүгү Үч-Төр аталып чыгышты, Көлмө суусунун чатынан Орто-Кууганды аталып, аскалуу кууш капчыгай аркылуу агып, Жумгал ойдуңуна чыкканда сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Кош-Булак, Түз-Ашуу, Арчалы-Төр. Жылдык Орточо чыгымы 3,7 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь – июлда, азы февралда байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Алабында 2592 м бийиктикте Чоң-Таш көлү жайгашкан. Негизинен кар жана булак сууларынан куралат. Боюнда Кайырма кыштагы жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7