Орто Азия экономикалык совети

Википедия дан

Орто Азия экономикалык совети - 1923-ж. мартта Түркстан АССРи, Бухара Советтик Эл Республикасы жана Хорезм Советтик Эл Республикаларынын экономикалык багыттагы иш-аракеттерин координациялоо үчүн түзүлгөн. Экономикалык советке РКП(б) БКнын Орто Азия бюросу жетекчилик кылган. Экономикалык советке Орто Азия республикаларынын чарбалык планы, жалпы мыйзам чыгаруу иштери, финансы, соода багытындагы маселелер кирген. Экономикалык совет айыл чарба кредиттерин, соода, транспорт, мелиорация, камсыздандыруу, финансы жана байланыш, отун маселесин жакшыртуу боюнча иш жүргүзгөн. Үч республиканын экономикалык жактан биригүүсү Орто Азияда социалдык курулуштун ылдам темп менен өнүгүшүн камсыз кылып, элдердин достугунун чыңдалышында, алардын экономикасы менен Маданиятынын жогорулашында чоң роль ойногон. Орто Азия экономикалык совети Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшүнөн кийин ишмердүүлүгүн токтоткон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]