Орто билим

Википедия дан

Орто билим – коомдук пайдалуу эмгекке же атайын жогорку билим алууга керектүү болгон билимдердин, ыктардын жана машыгуулардын жыйындысы. Жалпы орто билим бардыгына бирдей берилет жана каалаган жогорку же атайын орто окуу жайына тапшырууга укук берет. Жалпы орто билим 15–16-кылымда түзүлүп, ал классикалык билим берүү деп аталган. 18-кылымда классикалык билим берүү менен бирге реалдык билим берүү пайда болгон. Революцияга чейин Россияда жалпы орто билимди гимназиялар, реалдык жана коммерциялык окуу жайлары ж. б. берген. Кийин СССРде жалпы орто билимди жалпы билим берүүчү орто мектеп, кесиптик-техникалык жана айрым атайын орто окуу жайлары бере баштаган. Кыргызстанда революцияга чейин жалпы орто билим берүүчү жалгыз орто мектеп (эркектер гимназиясы) Пишпек (азыркы Бишкек) шаарында болгон. 1924-жылдан кыргыз тилинде орто билим берүүчү мектептер ачыла баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]