Орто топ

Википедия дан

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонуучу аспап. Топ.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар эки жаатка бөлүнүшөт. Бир тараптын оюнчулары катарга тизилип турушат, экинчи тараптагылар биринчи тараптын эки жагында, алардан 5—10 м. аралык алыстыкка тизилишкенден кийин, оюндун шарты жана кезеги жөнундө макулдашылат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки жакта турган оюнчулар, ортодогуларды топ менен уруп алууга аракеттенишет. Ортодогу оюнчулар, белгиленген аянтчадан чыкпа тан, ыргытылган топту өздөрүнө тийгизбей качууга тийиш. Эгерде ортодогулардын бирөөсүнө ыргытылган топ тийсе, ал оюнчу чыгып оюндун бүтүшүн күтөт. Ортодогулар калбай калгыча оюн улана берет. Андан кийин эки тарап ордулары менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Аз убакытта атаандаштарын топ менен уруп жыдыйкей кылган оюнчулардын жааты жеңет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белгиленген аянтчадан качып чыгууга, жыдыган оюнчуга, кайрадан оюнга кирүүгө, сыртта турган оюнчуларга, белгиленген аралыкты кыскартууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, шамдагайлык тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]