Орузбаева Бүбүйна Өмүрзаковна

Википедия дан

Орузбаева Бүбүйна Өмүрзаковна (1924, Түп району, Чолпон айылы) — кыргыз тилчиси. Филология илиминин доктору (1964), профессор (1967). Кыргыз республикасы Илимдер академиясынын академиги (1979), Түрк тил коомунун корреспондент мүчөсү (Түркия, 1988). 1945-ж. Фрунзедеги КМПИни бүткөн. 1954—76-ж. Кыргыз республикасы Илимдер академиясында иштеген. 1976— 86-ж. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редактору. 1986-жылдан бери Кыргыз республика Илимдер академиясынын президиумунун мүчөсү, советтик түркологдор комитетинин президиумунун мүчөсү.

150дөн ашуун илимий эмгектин автору.

Алардын ичинде 14 көлөмдүү монографиясы бар. 1968-ж. Японияда Токио-Киото шаарында Антропология жана этнография боюнча өткөн эл аралык 8-конгрессте «Манас» эпосундагы этнонимдер менен кыргызча уруу-урук аттарындагы окшоштуктар» деген темада илимий доклад (1970ж.) жасаган. Ал Конгресстин материалдарынын 2-томуна немис тилинде жарыяланган. О. «Манас» эпосунун материалдарынын негизинде жазылып корголгон диссертацияларга илимий жетекчи (Жумакунова Г., «Манас» эпосундагы турмуштук лексика», 1988; М. Юсупова, «Кыргыздын элдик материалдык маданий терминдери», 1988).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4