Орусча-кыргызча сөздүк

Википедия дан

Орусча-кыргызча сөздүк – туңгуч котормо (эки тилдүү) сөздүктөрдүн бири. Түзүүчү К. К. Юдахин, анын редакторлугу менен Москвадагы Чет жана улуттук тилдер басмасы тарабынан эки ирет (1944, 1957) чыгарылган. Биринчи басылышына Х. Карасаев, Ж. Шүкүров, К. К. Юдахин; экинчисине – Х. Карасаев, Ж. Шүкүров, Б. Орузбаева, Р. Шамурзина, З. Эшмамбетов, А. Кангелдиев, Ю. Яншансин, Г. Бакинова, Б. Байсеркеев, С. Чолоков катышкан. Биринчиси 40 миң сөздү, экинчиси 51 миң сөздү камтыйт. Бул сөздүктүн чыгышы өз убагында республиканын маданий турмушундагы маанилүү окуяларынан болгон. Анда орус адабий тилинин күндөлүк карым-катышка зарыл лексикону жана алардын кыргызча эквиваленти дээрлик берилген. Орус тилин мектептерде окутуу, өз алдынча үйрөнүү, котормо ишин өркүндөтүүдө, орус тилинин кыргыз тилине тийгизген жагымдуу таасирин бекемдөөдө бул сөздүктүн мааниси чоң. Ошол эле 51 миң сөздү камтыган варианты 2000-ж. 10 миң нуска менен «Шам» басмасынан кайрадан басылып чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]