Орус-тузем мектептери

Википедия дан

Орус-тузем мектептери – Октябрь революциясына чейин Түркстан крайындагы жергиликтүү калкка билим берүүнүн баштапкы системасы. Падыша өкмөтүнүн Түркстан аймагындагы өкмөт башчылары жергиликтүү калкты окутуу, Орто Азияны толук колониялаштырууну тездетүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, падыша өкмөтүн колдой турган социалдык топторду түзүү, мусулман дининин таасирин басаңдатуу үчүн ачкан. Окуу орус тилинде жүргөн. Алгачкы Орус-тузем мектептери 1884-ж. декабрда Ташкент шаарында ачылган. Түркстан крайында 1901-ж. 45, 1912-ж. 89 мектеп пайда болгон. Адегенде төрт жылдык мектептер иштеп, 7ден 17 жашка чейинки эркек балдар кабыл алынган. Кийинчерээк кыз-келиндер үчүн 2 жылдык жана кечки мектептер иштей баштаган. Негизинен орус тили жана арифметика сабактары окутулуп, Ташкент шаарынын Мугалимдер семинариясын бүтүрүп чыккан орус мугалимдери сабак берген. Кыргызстанда Орус-тузем мектептери 1897-ж. Токмокто, Ош шаарында, 1898-ж. Сокулукта, 1899-ж. Тынай жана Жумгал болуштуктарында, 1900-ж. Кетмен-Төбөдө, 1911-ж. Токмок жана Пржевальск шаарында ачылган. 1917-ж. Кыргызстандын аймагында 17 мектеп иштеп, 800дөй адам (анын ичинде 700ү жергиликтүү калктын балдары, алардын 56сы кыздар) таалим алган. 1930-ж. Орус-тузем мектептери жабылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]