Орус жүкчүл жылкысы

Википедия дан

Орус жүкчүл жылкысы – жүкчүл жылкы породасы. Бул тукум чымыр денелүү болуп, сөөктүү жана кесимдүү. Айгырынын бийиктиги 150–158 см, салмагы 550–590 кг. Бээсинин бийиктиги 150–156 см, салмагы 520–560 кг. Орус жүкчүл жылкысы узун денелүү, кең көкүрөктүү келип, соорусу чоң, тегерек, кыска, буттары күчтүү. Семиз жылкыларынын жалы аябай чоң болуп, булчуң эттери өзүнчө бөлүнүп турат. Соорусу эки бөлүнүп, салаңдаган абалда болот. Тарамыштары бекем, бакайлары анча узун эмес, жал-куйругу денесине төп келишкен жылкы. Өңү жээрде, буурул, тору, күрөң жана кара болот. Порода бельгиялык оор жүкчүл арден тукумундагы айгыр менен жергиликтүү бээни аргындаштыруу аркылуу алынган. Орус жүкчүл жылкысы чыгаруу жумушу 1923-ж. Украинадагы Ново-Александр жылкы з-ду менен Россиянын Пермь обл-ндагы чарбаларда кеңири жүргүзүлгөн. Ошол убакта араба тартууга күчтүү жылкы көп керектелгендиктен, орус жүкчүл жылкысына болгон талап аябай күчөгөн. Субай жылкыны атайылап багуунун натыйжасында орус жүкчүл жылкысынын Луганск облусунун чарбаларында анча бийик эмес, калегес, ыкчам тиби – Ново-Александр жылкы заводунан тараган өзүнчө тип пайда болгон. Кээ бир өтө мыктылары 20 тга чейин жүктү тарта алат. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанга чейин тарап, күч унаа катары абдан керек жылкыга айланды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]