Орус мамлекеттик гуманитардык университети

Википедия дан

Орус мамлекеттик гуманитардык университети (орус. кыск. РГГУ) - Орусиянын Москвадагы жогорку окуу жайы.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1991-жылы март айында Москва тарых жана архив институтунун негизинде уюшулган.
  • 1908-1919-жж. - "А.Л. Шанявский атындагы Москва шаардык элдик университети";
  • 1919-1932-жж. - "Я.М. Свердлов атындагы комунисттик университет";
  • 1932-1939-жж. - "Жогорку коммунисттик айыл-чарба университети";
  • 1939-1991 жж. - КПСС БКнын жогорку партиялык мектеби;
  • 1991-жылдан ушул күнгө чейин - Орус мамлекеттик гуманитардык университети (РГГУ).

Белгилүү тарыхчы М.Н. Покровскийдин өтүнүчү менен СССРдин БАК жана ЭККнын "ССР Союзунун Борбордук архив башкармалыгынын алдында Архив таануу институтун ачуу жана РСФСРдин Борбордук архив башкармалыгынын алдындагы Архив таануу кабинетин ССР Союзунун Архив башкармалыгынын карамагына өткөрүү" жөнүндөгү токтомунун негизинде 1930-жылы 30-сентябрда Москва тарых жана архив институту түзүлгөн. Сабактар СССРдин Борбордук архив башкармалыгынын имаратындагы дарсканаларда 1931-жылы 1-апрелде башталган (25 Октябрь к. 15-үй). Архив таануу институтунун директорлугуна 1931-жылдын 18-январында Р.К. Лицит дайындалган. Жаңы түзүлгөн институт КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин имаратынын оң капшытына жайгаштырылган.

1991-жылдын март айында Москва тарых жана архив институту ректор Ю.Н. Афанасьевдин жетекчилигинде "Орус мамлекеттик гуманитардык университети" (РГГУ) болуп кайра түзүлгөн. КПССке тыюу салынып, СССР кулагандан кийин партиянын мүлкүн орус бийлиги алган, имарат толугу менен университеттин менчигине өткөн.

2010-жылы ЖОЖдун бюджетинде 238 миллион рублдук таңкыстык бар экени билинген. Буга байланыштуу окутуучу кадрларды кыскартуу башталган. 2016-жылы 16-сентябрда Психология институтунан массалык түрдө 12 кызматкер жаңы ректор Евгений Ивахенконун штатты оптималдаштырып, окутуучулардын жүгүн көбөйтүү планы үчүн өз арыздары менен жумуштан кетишкен. ЖОЖдо мугалимдер менен жылдык келишим түзүү тажрыйбасы жайылган. Мугалимдерди коюм жүгү жылына 900 саатка (жана сабактан тышкаркы 600 саат ишке) чейин жеткен.

Рейтинг[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылы "Эксперт РА" агенттиги РГГУну Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин университеттеринин тизмесине кошкон. Рейтингде ага "D" даражасы ыйгарылган (бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо алгылыктуу деңгээл).

Түзүлүшү жана калыптанышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

РГГУ бакалаврдык 39 адистик программа боюнча жана 28 магистратура багыты, алардын ичинде: иш кагаздарын жүргүзүү жана архив таануу, эл аралык мамилелер, чыгыш таануу жана африканистика, культурология, дин таануу, тарых, социология, политология, искусство таануу, музеология, менежмент, жарнама жана коомчулук менен байланыш, экономика, философия, филология, психология, гуманитардык жааттагы интеллектуалдык системдер, журналистика боюнча студенттерге билим берүү ишин жүргүзөт.

РГГУнун башкы бөлүгүндө 10 миңден ашык, филиалдарында 20 миңге чукул студент билим алат. Окуу жайдын профессордук-окутуучу курамы 600гө жакын штаттык окутуучудан турат. Мындан тышкары РГГУну негизги жумуштары менен айкалыштырган Орусия ИАнын мекемелеринин, Москва ЖОЖдорунун жана башка илимий мекемелердин 200дүн тегерегинде адистери бар. РГГУда Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн академияларынын 70тен ашык академиги жана мүчө-корреспонденти, 200дөн ашык профессор жана доктор, 500дөн ашык илимдин кандидаты иштей.

РГГУнун аспирантурасында 36 адистик боюнча 300гө жакын аспирант окуйт. Докторантура да бар. 11 атайын диссертациялык кеңеш иштейт, алардын беши - доктордук диссертация коргоо боюнча.

РГГУнун курамында 10 окуу жана илим институту иштейт:

  • Тарых жана архив институту
  • Экономика, башкаруу жана укук институту
  • Л.С. Выготский атындагы психология институту
  • Массалык маалымат каражаттары институту
  • Тил илими институту
  • Маалымат илимдери жана коопсуздук технологиялары институту
  • Филология жана тарых институту
  • Чыгыш маданияттары жана антика институту
  • Жаңы билим берүү технологиялары институту
  • Орус антропология мектеби

Булардан тышкары 3 жалпы университеттик факультет (социология, философия, искусство тарыхы), 9 жалпы университеттик кафедра, 8 жалпы университеттик окуу-илим жана илимий борбор, 15 эл аралык окуу жана илим борбору иштейт.

Ошондой эле, РГГУда ЖОЖго чейинки билим берүү борбору; А.С. Пушкин атындагы Мамлекеттик сүрөт искусствосу музейи менен биргеликте түзүлгөн окуу-көркөм өнөр музейи, илимий китепкана, ОФнын ЖОЖдорунун китепканаларын чет өлкөлүк адабияттар менен толуктоо, ОФнын ЖОЖдорунун документтерин сактоо борборлору иштейт.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]