Орхидейлер

Википедия дан
Орхидейлер.

Орхидейлер (лат. Orchidaceae) — өсүмдүктөрдүн бир үлүштүүлөр классындагы тукуму.

Орхидейлер — сабак-тамырлуу же, түймөк-тамырлуу көп жылдык чеп. Жалбырагы бүтүн жээктүү, сабакка оролуп өсөт же жаабырак кучактуу, сапрофиттерде туссүз түрпүчөлөргө айланган. Эпифиттик Орхидейлер дарак бутактарына жайгашыл, аба тамырларынын жардамы менен ным тартып өсөт. Булардын жалбырактары назик, ширелүү, дайыма жашыл же кургакчылыкта күбүлүп түшет. Орхидейлердин гүлдөрү туура эмес түзулүштүү, көбүнчө 2 жыныстуу.

Топ гүлү чачыктай же машактай, уз. 2—3 м, кээде жалгыз гүлдүү. Чөпчөкчөсү желекче сымал. Желекчесп үчөө, сртоцкусу капталындагы экеөнөн формасы, түсү, көлөмү менен айырмалават. Энелигинин мамычасы менен аталыгы биригип өсүп, гиностемий деп аталуучу түтүкчөгө айланган. Аталыктары калың стаминодийди пайда кылат. Мөмөсү — кутуча, чымын-чиркейлердин жардамы менен кайчылаш чаңдашат. Орхидейлердин уругу эндотрофтуу микоризаны пайда кылуучу козу карындарга дуушар келсе гана андан өсүмдүк өнүп чыгат. Жердин бардык материгинде (уюлдук областтардан башка) Орхидейлердин 600— 700 уруусунун 20 миң түрү өсөт. Өзгөчө тропикте көп сандаган түрү кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.