Орхон-Энесай жазма эстеликтеринин изилдениш тарыхы

Википедия дан

Орхон-Энесай жазма эстеликтеринин изилдениш тарыхы - б.з. 5-13-кк. байыркы кыргыз (түрк) же Орхон-Энесай (Орхон-Енисей) жазуусу деп аталган рун сымал жазма эстеликтер. Илимге Орхон- Энесай жазуулары деген ат менен кирип калган эстеликтердин ареалы кенен аймакка тараган. Бул жазууну Борбордук жана Орто Азиядагы жашаган байыркы түрк тилдүү уруулар пайдаланышкан. Изилдөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Энесай чөлкөмүндөгү (Хакасия, Тува, Тоолуу Алтай жана башкалар) эстеликтериндеги жазуулардын грамматикалык курулушу Орхондогу жазуулардан айырмаланарын белгилешет. Белгилүү аалымдар В.В.Радлов, В.Томсен, С.Е.Маловдор Орхондогу жазууларга салыштырмалуу эртерээк п.б. жана архаикалык мүнөзгө ээ Энесай жазма эстеликтерин кыргыздарга таандык экендигин далилдешкен. Бул жазуу жөнүндөгү эң алгачкы маалыматты 1697-ж. С.У.Ремезов өзүнүн чийген картасында чагылдырган. Сибирь аймагына жети ирет саякат жасаган Д.Мессершмидт да бул табышмактуу жазуулар жөнүндө ѳз күндөлүгүндө кабарлайт. Бул илимий кабарды швед аскер адамы Ф.И.Стралленберг 1730-ж. жазган. Ал Сибирде 12 жыл жашап, жергиликтүү элдер, алардын тили, маданияты боюнча көрүнүктүү эмгекти калтырган. 1793-ж. крайтаануучу П.С.Паллас да бир нече эстеликти таап жарыялаган. 19-к. баш чендеринде Г.И.Спасский жана француз А.Ремюза илимий эмгектерди жарыкка чыгарышып, жазуунун чыгыш теги жөнүндө илимий басылмаларга полемика уюштурушат. 1874-ж. С.Аспелин бул жазууларды байыркы угрофиндерге таандык деген көз карашын айтат. 1881-ж. А.В.Адриянов Саян тоолорунун түштүк тарабынан бир топ жазма эстеликтерин таап, аны илимге киргизүүдө бир кыйла эмгектенген. 1889-ж. Н.М.Ядринцев жетекчилик кылган экспедициянын иш-аракети бул эстеликтерди изилдөөнүн жаңы этабы эле. Бул экспедиция Орхон суусунун боюндагы Кошо-Цайдам деген жерден тикесинен тургузулган, бети толо жазылган зор ташты табышат. Мындай жазуу эстеликтерди изилдөө үчүн атайын экспедициялар уюштурулат. Жыйналган кабарлар жана таштагы жазуулар окумуштууларды өтө кызыктырат жана алардын сырын чечип окууга дилгир болушат. Эстеликтерди биринчилерден болуп В.В.Радлов жана даниялык окумуштуу В.Томсен бир мезгилде чечмелеп окуп, эстелик жазуулар түрк тилдүү экендигин кабарлашкан. 1888-ж. В.А. Каллаур жана Н.Гастев Таластан рун жазуусу бар алты эстеликти табышат. 19-к. этегинде эстеликтердеги жазуулардын грамматикалык өзгөчөлүктөрү такталат. 20-к. түркологдордун жоон тобу: П.М.Мелиоранский, С.Е.Малов, И.А.Батманов, В.М.Насилов, А.Н. Кононов, Н.А.Баскаков, С.Г.Кляшторный, С.Сыдыков, Ч.Жумагулов жана башка изилдөөчүлөр аталган эстеликтерди изилдөөдө жана алардын фонетикалык, грамматикалык жана лексикалык өзгөчөлүктөрүн иликтешип, тарыхый булак катары өтө баалуу экендигин далилдешти.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]