Осипа Молдогазиева

Википедия дан

Молдогазиева Осипа Молдогазы кызы — 1921-жылы Нарын районунун Эмгекчил айылында жарык дүйнөгө келген. 1928-жылы Эмгекчил айылындагы жети жылдык мектепте кат сабатын жоюп, 1935-жылы айылдык мектепти ийгиликтүү аяктайт. Өмүрлүк жары Андакулов Мансур менен 1938-жылы баш кошкон. 1941-1945-жылдардагы каардуу согуш жылдарында эл катарынан калбай тылда кызмат кылат. Он төрт балага эне болуп, тагдырдын таш боорлугунан жети баласынан ажырайт. Калган балдарынын бардыгын татыктуу тарбиялап, жогорку билим алуусуна шарт түзгөн. 1951 -1953-жылдарынан чыгаруучу ишканада иштеп жаткан учурунда №34-шайлоо округунан Кыргыз ССРинин эмгекчилер депутаттарынын кеңешине депутат болуп шайланган. Тянь-Шань областынын Нарын шаардык кеңешине 2 ирет депутат болуп шайланат. "Апам аялзатына тиешелүү бардык асыл сапаттарга ээ, ар кандай абалда кара кылды как жарган калыстыгы, адилеттүүлүгү, адамдарга кылган жакшы мамилеси, адамгерчилиги, кыйын кезеңде туура жана чечкиндүүлүгү, темирдей курч эрктүүлүгү менен айырмаланган аяр жан эле. Балдары үчүн мээрман эне эле. Колунан көөрү төгүлгөн уздугу, ата-бабанын салтын бекем кармап, таман акы маңдай тери менен ийгиликке жетише билгендиги менен таанып-билгендердин арасында кадырга сыйып, урматка ээ үлгүлүү аялзаты болгон. Бизди татыктуу тарбиялап баарыбызга жашоонун жылуу очогунан орун берип кетти. Согуш жылдарында тылдагы азаптуу күндөрүн эскерип, ар дайым көзүнө жаш алып бизге айтып берер эле. Апам абдан кайратту жан болгон. 7 баласынан ажырады, ошондо чөгүп кетпей, белин бекем бууп калганыбызга өмүр тиледи, жашоо тиледи. Арабыздан кетсе да, кайратынан жазбай али да болсо ошондогусундай эсимде, жүрөгүмдө. Кадырман кары болуп, калктын урмат-сыйына татыды. 82 жаш курагында кайрылбас сапарга узаттык. Арбагына таазим этип, куран тилеп келем. Бирок апамдагы жылуулукту эч бир жандан сезе албай, караанына, мээримине зарыгам. Арга жок дейбиз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, ыйманы саламат болсун! "-дейт уулу Карыбек Мансурович. "Апабыз акылынын тереңдиги, айткан акыл-насаат кептери, баары-бызга бирдей анын адамгерчилиги менен эсибизде түбөлүк сакталып калды. Ар дайым эли-журтунун амандыгын тилеп, өлкөнүн бейпилдигин каалап турчу. Көрсө, согуштун каары көкөйүнө тийген тура. Аялзатына тиешелүү осуяттарды бизге кыз-келиндерине кеңири айтып берер эле. Апабыздын колунан жаралган кооздуктар, оймо-чиймелер көргөн жандын көз жоосун алат. Кыргыздын улуттук буюмдарын даңктачу, ар дайым көз майын коротуп, сайма сайып, шырдак шырып отурар эле. Бизге да өзүнүн билгендерин толугу менен үйрөттү, бирок апабыз жасагандай эч бир жандын колунан келбейт, анткени апабыз кай-талангыс инсан болчу",-деп эскеришет Осипа апанын кызы Кенже, ке-индери Жээнкүл, Кенже. Баатыр Эне, Кыргыз ССРинин эмгекчилер кеңешинин эки жолку депутаты, "Тылдагы күжүрмөндүгү үчүн" медалынын, шаардык аткаруу комитетинин көптөгөн сыйлыктарынын ээси Осипа эненин аты өлбөс-өчпөс. Дегеним артында эненин атын даңктаган эмгектери, 7 баласы, 26 небереси, 29 чөбөрөсү бар. Учурда балдарынын бардыгы ар кандай кесиптин ээлери болушуп, эл алдындагы кызматтарын талыкпай аркалап келишет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек 2007-ж.