Осман Акчокраклы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Акчокраклы Осман, чыгыш таануучу, крым татар элинен чыккан таанымал коомдук ишмер, белгилүү сүрөтчү-каллиграфист. 1879-ж. 20-октябрында крым татарларынын маданий саясий борбору болгон Бахчисарайдан (Крым жарым аралы) алыс эмес жерде жайгашкан Акчокрак айылында туулган. Туулган айылынын энчилүү атынан «Акчокраклы» деген фамилияны кабыл алган. Анын атасы Нури Асан сабаттуу киши болгон, ошол аймактагы араб жазуусун (каллиграфиялык ыкмада –О.К.) мыкты жаза билген билимдүү адам катары атагы чыккан экен. Атасынын талантын таасирленип, ата кесибин кабыл алган жаш Осман кийинчерээк ошол аймакта окутуучулук кесиби менен алектенет.Бир эле учурда араб арибин жаза билген каллиграфчы катары жумушка орношот. Ал ататктуу крым хандары жашаган Бахчисарай дворецин Ыйык Курандын сүрөөлөрү менен шөкөттөп жазып чыккан. Андан сон, Санкт-Петербургдагы мусулмандардын мечитин кооздоп, жазып чыккандыгы маалым. Осман алгачкы башталгыч билимди Бахчисарайдан алып, 1895-ж. тартып билимин Түркиядан (Осмон империясы) уланткан. Түркиядан кайткандан соң, Россия империясынын борбору Санкт-Петербург шаарына келип, өз учурунун белгилүү окумуштуу-түркологу жана агартуучу И.Бораганский менен кызматташып иштей баштайт. Осман Акчокраклынын инсан жана окумуштуу катары калыптануусуна атактуу агартуучу жана реформатор катары таанымал болгон Исмаил Гаспыралынын (орусча Исмаил Гаспиринский) таасири зор болгон. Осман И.Гаспыралы негиздеген «Тержуман» (кырг. котормо) гезитинде 1906, 1910-1916 жж кызматкер болуп иштейт. Ушул мезгилдин аралыгында окумуштуу катары да көз карашы калыптана баштайт. Осман Акчокраклынын илимий ишмердүүлүгүнүн өнүккөн мезгилинин туу чокусу 20-ж таандык. Бул мезгилде илимге чындап киришкен инсан археология, фольклор изилдөө, тарых жана эпиграфияга ынтаа коюп киришкен. Кийинчерээк, Крым Педагогикалык институту болуп кайрадан түзүлгөн окуу жайдын чыгыштаануу бөлүмүндө түрк, араб тилдерин жана чыгыш каллиграфиясы боюнча дарстарды бере баштайт. Андан соң крым татарларынын фольклору жана этнографиясы боюнча дарстарды окууга киришет. Осман Акчокраклы чыгыштаануу илиминдеги жаңы багытты – крым татарларын таануу илимине негиз салуучуларынын бири болуп калды. Крым татарларынын тилине, тарыхына, этнографиясына, маданиятына биротоло сүңгүп кирген Осман Акчокраклы Крымдын орто кылымдардагы эпиграфикалык эстеликтерине да илимий назарын салган. 1927-ж. Ненекеджан-ханум көрүстөнүндөгү эпиграфикалык эстеликтерди окуп чыгып, анын котормосун илимге киргизген. Мындан сырткары, крым татарларынын дастаны болгон «Чора Батыр» операсысынын либреттосун жазат, ошол эле жылы «Бахчисарай фонтанынын көз жашы» деген пьесаны жарыкка чыгарат. Бирок, анын илимпоз катары чыныгы таланты эпиграфика жаатында ачылган эле. 1926-ж. Баку шаарында болуп өткөн Бүткүл союздук (СССР) түркологдордун алгачкы курултайына катышкан. Анын кийинки өмүр тагдыры СССРде ишке ашырыла баштаган репрессия саясатына туура келген. Акчокраклы Осман НКВД тарабынан 1937-ж. ээлеген кызматынан четтетилип, «улутчул» деген жалган жалаа менен Крым педагогикалык институтунан кызматтан чыгарылат. Ал бир аз убакыт мектепте география мугалими болуп эмгектенет да Баку шаарында жашаган эжесине көчүп кетет. Бакуда 1937-ж. 5-апрелинде камакка алынып, Симферополь (Крым жарым аралы) шаарына жеткирилген. Өз устаты катары тааныган Исмаил Гаспыралынын пантүркизм саясатын колдогон, контрреволюцинер жана чет элдик тыңчы деген жалаалар тагылып, 1938-ж. 17-апрелде атылган. Анын акталгандыгы тууралуу маалыматтар табыла элек. Осман Акчокраклы орто кылымдардагы эпиграфикалык маалыматтарды илимге киргизген эң алгачкы түрколог, тарыхчы-илимпоз. Анын өзгөчө байыркы түрк урууларына таандык эн тамгалары жана алардын крым татарлары менен параллелдери, аталышы, эн тамгалардын вариациялары боюнча берген маалыматтары илим үчүн өтө маанилүү. Анын эн тамгалар боюнча берген маалыматтары кыргызтаануу үчүн өтө маанилүү. Эмгектери орус, түрк тилдеринде жарык көргөн. Айрым эмгектери Түркиядан кайрадан басылып чыккандыгы малым.

Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Татарские тамги в Крыму .- Симферополь, 1927;
  • Старокрымские и Отузские надписи 13- 15 вв. - Симферополь, 1927;
  • Новое из истории Чуфут-Кале. - Симферополь, 1928;
  • Описания памятников Бахчисарая, Кок-коза, Ялты, Алушты, Капсихора, Судака, Старого Крыма, Кефе, публиковавшиеся на крымскотатарском языке в газете "Янъы дюнья" на протяжении 1924-1925 годов,
  • "Илери" (1926, № 1/4, 1927, № 2, 3, 9 ж.б.у.с.).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015