Осмоналиева Сабийра

Википедия дан

Осмоналиева Сабийра 1953-жылы азыркы Аксы районунун Кызыл-Туу айылында туулган.

  • Мектепти бүткөндөн кийин,
  • 1968-жылы Жалал-Абад шаарындагы медицина окуу жайына тапшырып,
  • 1971 -жылы аяктаган.
  • 1980-жылга чейин, Ак-Тоок, Кара-Март айылдарындагы ФАПта (фельдшердик-акушердик пункт)фельдшер болуп эмгектенет.
  • Өмүрлүк жолдошу Осмоналиев Сүйүнаалы ажы ветеринардык врач болгондуктан,
  • 1980-жылдан баштап, Дружба совхозунда сүт-товар фермасында саанчы болуп иштеп калат.
  • Ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, алдыга коюлган планды так жана ашыгы менен аткарып, дайыма алдынкы орунда жүрүп келгендиктен, айылдык кеңешке депутат болгон.
  • Өкмөттүн бир канча жолу ардак грамоталары, акчалай жана баалуу сыйлыктары менен сыйланып,
  • 1989-жылы СССР жогорку кеңешине талапкерлиги көрсөтүлгөн.
  • Жолдошу Осмоналиев Сүйүнаалы ажы экөө 7 баланы тарбиялап өстүрүп, азыркы күндө ардактуу эс алууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3