Осмоналиев Калыбай Жусупович (Барктабас)

Википедия дан

Осмоналиев Калыбай Жусупович (Барктабас) (1938–2000)

Акын, журналист Калыбай Осмоналиев Кемин районунун Кичи-Кемин айылында 1938-жылы 27-майда туулган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. 1964-жылы «Жоогазын» аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.
К.Осмоналиев өзүнүн эмгек жолун Кыргызстан ЛКЖС БКсында инструктор болуп иштөөдөн баштаган. 1964-жылы Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы ЖПМга окууга жиберилип, 1965-жылы Кыргызстан ЛКЖС БКнын аппаратында лекторлор тобунун башчысы, маданий-агартуу секторунун башчысы, 1965-жылы пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысынын орунбасары, 1967–1986-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин башкы редактору, 1986-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, Чүй Мамлекеттик администрациясынын басмасында катчы болуп эмгектенген.
1980-жылы К.Осмоналиевдин «Кыргыз очерктеринин жанрдык эволюциясы» аттуу китеби басылып чыккан.
Анын ырлары украин, казак, уйгур тилдерине которулган.
Ал Расул Гамзатовдун, Борис Степанюктун, Коснусь Килиенконун, Юрий Айдаштын, Керим Курбаненковдун, Лев Ксельруддун, Түмөнбай Молдогалиевдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
К.Осмоналиев СССР Жазуучулар союзунун биринчи съездинин делегаты, Кыргызстан Жазуучулар союзунун Пленумунун жана Кыргызстан Журналисттер союзунун аткаруу комитетинин мүчөсү болгон.
Эмгектеги каармандыгы үчүн В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн”, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгек ардагери», “Манас – 1000» медалдары, Кыргыз ССРинин ЖКнын Ардак грамоталары, ВЛКСМдын, Кыргызстан ЛКЖС БКнын, Кыргызстан Журналисттер союзунун Грамоталары менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

  • Жоогазын: Ырлар.  Ф.: Кыргызстан, 1967.  51 б.
  • Жаштык сыналчу курак: Публицистика, очерктер.  Ф.: Мектеп, 1972.  84 б.
  • Сагыныч: Ырлар.  Ф.: Мектеп, 1973.  64 б.
  • Кыргыз очерктеринин жанрдык эволюциясы: Сын макалалар, рецензиялар.  Ф.: Кыргызстан, 1980.  92 б.
  • Көз караш: Ырлар.  Ф.: Мектеп, 1982.  108 б.
  • Адамгерчилик: Ырлар жана поэмалар.  Ф.: Кыргызстан, 1987.  128 б.
  • Азаптын тагы.  Ф.: Кыргызмамбас, 1958.  66 б.
  • Калыбай.  Б., 1998, Т.1: Ырлар, поэмалар, котормолор. 1998.  380 б.

Орус тилинде

  • Рассвет: Сборник стихов.  Ф.: Кыргызстан, 1978.  68 с.