Качкынбай Осмоналиев
Качкынбай Осмоналиев | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: | |
Жарандыгы: |
Качкынбай Осмоналиев (1929–1996) – жазуучу[1].
Качкынбай Жумгал районундагы Ак-Татыр айылында 1929-жылы 5 мартта туулган.
1941-1945-жж. Чаек колхозунун фермасында эсепчи, ошол эле колхоздо бригадир болуп иштеген. 1953–1954-жж. КМУда окуп, үй-бүлөөлүк шартка байланыштуу окуусун уланта алган эмес. 1954-жылдан баштап «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында, кийин «Ленинчил жаш» гезитинде Жалал-Абад облусу боюнча атайын кабарчы, “Жаш Ленинчи” жана “Чалкан” журналдарында иштеген. 1962-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун алдындагы Жогорку курсту бүтүргөндөн кийин Кыргызстан Жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча адабий кеңешчиси болуп иштеген. 1957–1959-жж. Эл акыны Алымкул Үсөнбаевдин адабий катчысы болгон.
Качкынбайдын биринчи аңгемелери 1956-жылы «Ала-Too» журналына басылып чыккан, ал эми биринчи китеби 1958-жылы «Азаптын тагы» деген ат менен басылып чыккан.
Ал 1959-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
1993-жылы ал Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу сыйлыгы алган[2].
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Азаптын тагы: Повесть жана аңгемелер. Ф.: Кыргызмамбас, 1958. 166 б.
- Канат: Аңгемелер. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. 95 б.
- Турмуш сабагы: Повесть. Ф.: Кыргызмамбас, 1961. 144 б.
- Бетке айтаар: Аңгемелер. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. 72 б.
- Самар: Аңгемелер жана повесттер. Ф.: Кыргызмамбас, 1963. 208 б.
- Уйкусуз түн: Повесть, аңгемелер жана очерктер. Ф.: Кыргызстан, 1966. 213 б.
- Эзелки кек: Повесть жана аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1969. 200 б.
- Сөз ээлери: Очерк, аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1970. 80 б.
- Күлүк: Аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1973. 92 б.
- Повесттер жана аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1976. 298 б.
- Эзелки кек: Повесттер жана аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1979. 464 б.
- Көчмөндөр кагылышы: Роман. Ф.: Кыргызстан, 1982. 328 б.
- Ыйык жер: Роман, повесть, аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1985. 428 б.
- Түн жамынган акын – Ф.: Кыргызстан, 1989.
Орус тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Пережитое: Повесть и рассказы. Ф.: Киргизгосиздат, 1959.
- Рассвет: Сборник стихов. Ф.: Кыргызстан, 1978. - с. 68 -130.
- Мой отец: Повести и рассказы. Ф.: Кыргызстан, 1975. - 266 с.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Прозаик Качкынбай (КЫРГЫЗБАЙ) Осмоналиев. Open.kg (29.12.2015).
- ↑ https://nagrada.srs.kg/site/person/7102