Алымкул Үсөнбаев

Википедия дан

Алымкул Үсөнбаев — 1896-жылы Таластын Кара-Арча деген айлында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Алымкул он эки жашка келгенде атасы дүйнөдөн кайтат. Ал ырчылыкка он үч жаш курагында кирише баштаган. Он төрт жашында улуу акын Токтогулга жолугуп, андан таалим алган. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген.

1938-жылы Алымкул Кыргызстан жазуучулар союзунда мүчөлүккө кабыл алынган. Отуздай китеби чыккан. Тандалган чыгармаларынын бир томдугу 1973-жылы жарык көргөн. Онго жакын китеби орус тилинде чыккан. 1939-жылы ага Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилген. 1938—63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Кыргыз адабияты менен искусствосуна сиңирген кызматы үчүн Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана Кыргыз Жогорку Советинин Преидиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

Ак таңдай акын, Алымкул төкмө эч токтолбой эргип, ырды жамгырдай төгүп үстөккө - босток чууртуп, асыл ойлорду уйкашка салып, буйдалбай таскактаткан акындык талант гана эмес, керемет обон, комузчулук жөндөм, жакшына келбет. Жибектей мүнөз да бар эле. Булардын баары биригип анын чыгармачылык куштарын элиртип, ырларынын поэтикалуу ыргагын булбул сымал безелентип турган. “Колго комуз тийгенде, оозго ыр өзү түшүп турат” деп, ал бекеринен айткан эмес.
Алымкул Үсөнбаевдин чыгармаларынын дээрлик үчтөн бири балдарга арналган. Анын ырлары, тамсилдери, поэмалары, адабий жомоктору балдар адабиятына кошкон баалуу салымы болуп эсептелет.
Акындын ырларынын белгилүү бөлүгү балдардын турмушун көркөм сыпаттайт. Бөбөктөрдүн шатыра-шатман жайдары маанайлары, бейкапар өсүп, тарбияланып жаткан куунак жашоосу жүрөктө уюп калардай деңгээлде ырдалат. Тынчтыктын бекем тиреги болгон совет элинин күчүн туюндуруп, балдарды терең билим алууга, ар кыл өнөр, кесипке ээ болууга үгүттөп, ырдоо боюнча А. Үсөнбаевдин чыгармаларынын көркөм тарбиялык мааниси зор.

1963-жылы дүйнөдөн өткөн.Бул жашоодо кыйынчылыктарды баштан откозгон

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мырза Түлөгабылов. "Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы" Бишкек-1991. ISBN5-658-00181-1

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]