Поэтика

Википедия дан

Поэтика (гр.) — адабият таанууда ар мезгилде ар түрдүү мааниде колдонулуп келген. Эң байыркы терминдердин бири. Байыркы мезгилде жалпы эле көркөм адабият жөнүндөгү илимди поэтика катары колдонушкан. (Мисалы, Аристотелдин «Поэтикасы»). Кийин бул термин ыр түзүлүшүнүн жана көркөм речти изилдөөчү адабият таануунун бөлүгү катарында колдонула баштады. Азыркы күндө поэтика термини эки мааниде колдонулат. 1. Кең мааниде көркөм адабият, адабияттын теориясы, жанры, композициясы, сюжети жана башка поэтика деп аталат. 2. Тар маанисинде поэзия чыгармасы жана анын түзүлүшү, ырдын стилистикасы да поэтика деген термин менен белгиленип жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]